<->


Қирғизча-русча онлайн луғат

жол

жол
дорога; прям., перен. путь;
жалгыз аяк жол тропа;
кой жол овечьи тропки;
темир жол железная дорога;
ава жолу воздушный путь;
сым жол уст. столбовая дорога (где проходит телеграфная линия);
кан жол большая, главная дорога;
кан жолдо киши үзүлбөйт на большой дороге движение не прекращается;
билген жолуңду атаңа бербе погов. дорогу, которую ты знаешь, даже отцу своему не уступай (не сворачивай хорошо знакомой дороги, даже если отец скажет тебе, что ты сбился);
жол көрсөткүч указатель направления, дорожный знак; путеводитель;
жол кат уст. путёвка;
жол ачык
путь открыт;
перен. сопутствует удача;
алакан жазык, кол ачык, аттанып чыкса, жол ачык фольк. он щедр, когда сядет на коня выедет, ему путь открыт (ему сопутствует удача);
ачылбаптыр жолуңуз, арылбаптыр шоруңуз фольк. вам не сопутствовала удача, вас не покинули лишения;
кудай жолуңду ачсын разг. дай бог тебе счастливого пути или удачи;
жолуңар менен болгула! идите своей дорогой!, продолжайте ваш путь!;
бар, жолуңа түш! иди своей дорогой!, проваливай!;
жолго сал-
балтаны бердиң колуна, байларды салдың жолуна стих. дал ты баям руки топоры отправил их путь (выслал заставил их работать лесу);
ал ишиңди жолго салды он наладил твою работу;
жол ал-
жолоочу болсоң, жол алгын; жортуулчу болсоң, койду алгын фольк. если ты путник, следуй (своей) дорогой; если ты грабитель, возьми овец;
миймандар жол алат гости уезжают;
жинди менен жол кошпо, суу куйбагын толбоско фольк. не будь спутником ненормального, не лей воду ненаполняемое;
жолуда... жолуда южн. каждый на своём месте;
ондо кыз кыз жолуда, чал чал жолуда отурчу южн. тогда садились девицы девицами, старики со стариками (таков был порядок);
жолдон кошул-
жолдон адаш- прям., перен. сбиться пути;
жолдон чык-
сойти дороги;
жолго ташта-
бросить на дорогу;
бросить кого-л. пути;
жолдошун жолго таштап кетти он бросил своего спутника пути;
жолдон калтыр- не пускать путь, служить помехой отправлению путь или продолжению пути;
жолду ката на всём протяжении пути;
партиянын жолу линия партии;
жол-жол чыт полосатый ситец;
прокос;
чөптү чапканда "бир жол жүрдүм, эки жол жүрдүм" дейт когда косят сено, говорят: "я один прокос прошёл, два прокоса прошёл";
бул жолу этот раз; на этот раз;
бул жолу анча кыйналган жок на этот раз он не очень мучился;
айланайын жалгызым, тилимди алгын бир жолго фольк. милый мой, единственный, послушайся меня разок;
бир жолу
"жезит чалдын тукумун, бир жолу үзүп койгун" дейт фольк. ты, мол, прерви раз навсегда род негодного старика;
бир жолу муну сүйлөгүс кылдым его раз навсегда заставил замолчать;
сүйлөөгө жол болобу? будет ли разрешено говорить?, разрешите сказать?
жол коё турган иш эмес недопустимое дело;
жол койбоо или жол берилбөө недопущение;
ээн баштыкка жол берилбөө керек нельзя допускать самоуправство;
подарок (за услугу или по обычаю); эвф. благодарность (взятка);
жолумду кыл ты меня отблагодари (поднеси мне подарок);
жолуңузду кылам вас отблагодарю, вас долгу не останусь;
колдон келсе, жолунузду кылсак болот эле, бирок эч нерсебиздин жоктугун көрүп турасыз если бы мы могли, то вас отблагодарили бы, но вы видите, что нас ничего нет;
ата наркы менен кудаларга жол айтылган сваты были одарены согласно обычаям предков (за невесту не калым уплатили, просто одарили её родителей);
беш тыйын жол айткан жок он даже пятаком не одарил;
жолу менен келди он прибыл подарками;
Саманчы жол или Куш жолу или Кой жолу Млечный Путь;
барса келбес жолуна баарын кийрип иейин фольк. всех вас направлю туда, откуда нет возврата;
ата жолун куу- идти по стопам своего отца;
жолдо кал- быть ниже, хуже (букв. остаться, отстать пути);
жолдо калып калат куда ему!, он подмётки (ему) не годится!;
башкалар жолдо калат! куда другим!, другим (до него) далеко!;
кээси жолдо, кээси жондо жатат валяется где попало, полном беспорядке;
жолуң узарсын! желаю тебе удачи всякого благополучия!;
жолуңду тап!
желаю тебе счастливого пути, удачи!;
удирай!, проваливай подобру-поздорову!;
анын жолунан или анын жолунан-изинен только потому, что ему везёт, что ему сопутствует удача;
жолу болду ему сопутствовала удача, ему повезло, удалось;
аңда жолдору болуп, бир тоодак атып алышты им на охоте повезло, они убили дрофу;
жол болсун! счастливого пути!; (при встречах) куда или откуда путь держишь?
мунуңа жол болсун ирон. это тебя что чему?, что это ты ещё выдумал?
саландаган кабагыңа жол болсун? ирон. что это ты насупился?
жолуң болгур! ласк. желаю тебе счастья!;
ой, жолуңар болгурлар! ирон. ой, чудаки вы этакие!;
биздин жөндү билип алдыңыз, ал эми, өзүңүзгө жол болсун? нас вы узнали, теперь себе что скажете?
өзүңөргө жол болсун? ну, вы как? (что думаете делать, предпринять?);
жолу болбой калды ему не повезло, не удалось;
жол болду южн. название травянистого растения белыми цветками (употребляется вместо чая);
жол барбайт совесть не позволяет;
ак жол светлый путь;
ак жолуң ачылсын! счастливый путь тебе!, желаю тебе счастливого пути!;
жолу байланды он лишился всех своих возможностей, он потерял силу, власть;
жол кылармын шаарыңды фольк. уничтожу твой город;
жолу катып, жолу каткан см. кат-
жол кире см. кире;
жол башчы см. жолбашчы;
как жол южн. то же, что куу жол (см. куу


ZERO.kz

Может, рекламу?